Кыргызстандык Токабаев АФКнын чемпиондор лигасынын финалына комиссар болду. Сүрөт

Футболдогу комиссар, мындайча айтканда, менеджер болуп эсептелет. Оюн талаасынын абалынан тарта коопсуздукка чейинки маселелерди көзөмөлдөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Кемел Токабаев Азия футбол конфедерациясынын Чемпиондор лигасынын финалдык беттештерине комиссар болуп дайындалды.

Кеп бүгүн "Персеполис" (Иран) менен "Улсан Хёндэ" (Түштүк Корея) командалары таймаша турган оюн туурасында жүрүп жатат. Токабаев ФИФА менен АФК беттештеринин комиссары, Кыргызстан футбол союзунун аткаруу комитетинин мүчөсү.

Футболдогу комиссар, мындайча айтканда, менеджер болуп эсептелет. Оюн талаасынын абалынан тарта коопсуздук, оюн документтеринин толтурулушу, командалардын ташып келинишине чейинки маселелерди көзөмөлдөйт.