РИИБ: Бишкектеги өрттөн бир киши каза болуп, үчөө жабыркады

Картада көрсөтүлгөндөй, өрттөнгөн имараттын ичинде тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор жана курал-жарак саткан дүкөн да бар болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектеги өрт кырсыгынан эркек киши каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин министрлик борбор калаанын Ахунбаев менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан автоунаа жуучу жай өрттөнүп жатканын кабарлаган. Кийинчерээк маалымат такталып, ал тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор экени айтылды.

Бишкек: тиричилик техникаларын тейлеген жай өрттөнгөн. Жалын чектөөгө алынды
РИИБдин маалыматына ылайык, кырсыктан  курал-жарак дүкөнүнүн 57 жаштагы кызматкери каза болгон. Мындан тышкары, үч адам ооруканага жаткырылган.

Аталган маалыматты ӨКМден да тастыкташты.

Өрт саат 11:27лер чамасында чектөөгө алынган. Коопсуздук иретинде Ахунбаев көчөсү убактылуу жабылганы айтылды.

Картада көрсөтүлгөндөй, өрттөнгөн имараттын ичинде тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор жана курал-жарак саткан дүкөн бар болчу.