Бишкекте жарылган дүкөн: жабыркаган үч адамдын абалы айтылды

Кырсыктан дүкөндөгү 57 жаштагы киши каза болуп, үч адам Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы курал саткан дүкөндөн болгон жарылуу менен өрттөн жабыркаган үч адамдын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкектеги адам өмүрүн алган кырсык. Имараттын жарылган учуру видеого түшүп калган
Эске салсак, 19-декабрда, борбор калаанын Ахунбаев менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат жарылып, өрттөнгөн.

Картада көрсөткөндөй, имараттын ичинде курал-жарак дүкөнү жана тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор жайгашкан.

Кырсыктан дүкөндөгү 57 жаштагы киши каза болуп, үч адам Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Маалым болгондой, жабыркаган адамдардын бирөө 33 жашта болсо, экөө 54 жана 58 жаштагы эркектер.