Бишкектеги курал саткан дүкөндөгү жарылуу. Окуя болгон жерден тартылган видео

19-декабрда борбор калаанын Ахунбаев менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат жарылып, андан соң өрт каптаган.
Sputnik

Жарылуудан дүкөндөгү 57 жаштагы киши каза болуп, үч адам ооруканага жаткырылган. Окуя болгон жерге Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы барып, кырсыктын келип чыккан себептерин сураштырып, азыркы кырдаалды түз алып көрсөтүүдө.