Кесипкөйлөр керек. Мамытов улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин куттуктады

Куттуктоо менен бирге артыкчылыктуу мааниге ээ болгон милдеттерди ыкчам жана ийгиликтүү аткара турган күчтүү жана кесипкөй атайын кызмат керектиги айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук органдары учурда өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү, жарандардын укуктарын, эркиндигин сактоо жана урматтоо баарынан жогору турарын көрсөтүп, далилдөөгө тийиш. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин 19-декабрдагы кесиптик майрамына карата куттуктоосунда айтылган.

Президенттин маалымат кызматы куттуктоонун текстин таратты.

"Бүгүнкү күндө көптөгөн коркунучтар жана чакырыктар болууда. Ошондуктан жарандардын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, террорчулукка, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча артыкчылыктуу мааниге ээ болгон тапшырмалар менен милдеттерди ыкчам жана ийгиликтүү аткара турган күчтүү жана кесипкөй атайын кызмат керек. Азыркы учурда улуттук коопсуздук органдары биздин өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү, жарандардын укуктары менен эркиндигин сактоо жана урматтоо баарынан жогору турарын көрсөтүүгө жана аны далилдөөгө тийиш", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Мамытов мамлекетти коргоого өз салымын кошуп жаткан кызматкерлер менен ардагерлердин өтөгөн эмгегине ыраазычылыгын билдирген.

Ал кызмат өтөөгө бүт өмүрүн арнаган улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалаган.