БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 232 кишиден коронавирус табылып, 408 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 67;
- Ош – 4;
- Чүй облусу – 59;
- Ош облусу – 16;
- Талас облусу – 5;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 47;
- Жалал-Абад облусу – 14;
- Баткен облусу – 15.
Айыккандар:
- Бишкек – 115;
- Ош шаары – 15;
- Чүй облусу – 135;
- Ош облусу – 27;
- Талас облусу – 11;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 42;
- Жалал-Абад облусу – 34;
- Баткен облусу – 21.
Жалпысынан алганда өлкө боюнча 78 911 адам коронавирус жуктурду. Анын ичинен 72 459у ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 328 бейтап каза тапкан.
Медиктердин арасынан бир суткада COVID-19 төрт кызматкерден табылып, 12 ак халатчан ооруну жеңип чыккан.