Азаматсыңар! Нурбек Изабеков жана анын чемпион кыздарын аэропорттон тосуп алган видео

Сербиядан учуп келген машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызын аэропорттон нан, гүл менен тосуп алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогу мелдешинен мекенге кайтып келишти.

Машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызын аэропорттон нан, гүл менен тосуп алышкан.

Видеону Байгазы Кенжебаев аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жарыялады. 

Видеодо көрүнүп тургандай, тосуп алгандар Нурбек Изабековго чапан жаап, калпак кийгизип, кыздарга гүл беришкен.

Аэропорттун сыртына чыкканда "азаматсыңар" деп кыйкырып жаткан жоон топту да көрүүгө болот.

Эске салсак, 16-декабрга караган түнү 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова, 17-декабрга караган түндө 68 килограмм салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова чемпион болуп, алтын медаль тагынышты. Ал эми эң оор 76 килограмм салмакта ат салышкан Айпери Медет кызы Дүйнө кубогунун коло байгесин утту.

Кайталап көргүң келет! UWW Улукбектин күрөштөгү ыкмасын мыкты деп тапты. Видео
Машыктыруучу Нурбек Изабековдун кыздары Дүйнө кубогунда жакшы көрсөткүчтөргө жетип, кызыктуу оюн көргөзүшкөн.

Кыргызстанда кыз-келиндердин күрөшү ачылганына аз убакыт өткөнүнө карабай дүйнөлүк күрөштүн дөө-шаалары кыргыздын балбан кыздары менен эсептеше баштады. Дүйнө кубогунда кыздар күрөшүнө чүчү кулак тартылганда Россиянын Күрөш федерациясы өз спортчуларын мыкты атаандаштар менен беттешерин комментарийлеп, анда Айсулуу Тыныбекованын атын атаган.