Милиция: Бишкектеги курал саткан дүкөндө эки ирет жарылуу болгон

Өрттөнгөн имараттын жанында май куюучу жай дагы жайгашкан. Ал жактын кызматкерлеринин айтымында, биринчи жарылууга караганда экинчи жарылуу кубаттуу болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектеги курал саткан дүкөндүн имаратында эки ирет жарылуу болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдары Sputnik Кыргызстан агенттигинин түз эфири учурунда айтты.

Буга чейин социалдык тармактарда имарат жарылган учурдун видеосу жарыяланган. Анда дүкөндөн эки ирет жарылуу чыкканын көрүүгө болот.

Окуя болгон жерде иштеп жүргөн милиция кызматкерлери аны тактап, жарылуу курал саткан дүкөндө болгонун белгилешти. Жыйынтыгында имараттын терезелери сынып, айнектер бир нече метрдей жерге чейин чачырап кеткен.

Бишкекте үй жарылып, жети киши жабыркады. Балдардын энеси реанимацияда
Өрттөнгөн имараттын жанында автомай куюучу бекет дагы жайгашкан. Анын кызматкерлеринин айтымында, биринчи жарылууга караганда экинчи жарылуу кубаттуу болгон.

Эске салсак, 19-декабрда борбор калаанын Ахунбаев менен Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат жарылып, андан соң өрт каптаган. Имараттын ичинде курал-жарак дүкөнү жана тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор жайгашкан.

Кырсыктан дүкөндөгү 57 жаштагы киши каза болуп, үч адам Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Саламаттык сактоо министрлиги үчөөнүн абалы канааттандырарлык экенин айтты.

ӨКМ билдиргендей, өрт саат 11:27лер чамасында чектөөгө алынып, 13:11де толугу менен өчүрүлгөн.