Бишкек: үйдөгү жылытуучу түтүк жарылып, аял көз жумган кырсыктын чоо-жайы. Сүрөт

Кечээ кечки саат 22:50 чамасында милицияга Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринде жарылуу болду деген маалымат келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы аялдын өмүрүн алган кырсык үйгө жылытуучу түтүкчөлөр жарылгандыгынан улам болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя кечээ түнү, 18-декабрда, болгон. Саат 22:50 чамасында милицияга Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде жарылуу болду деген маалымат келип түшкөн. 

"Айтылган дарекке Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын кызматкерлери келген. Багратион көчөсүндөгү үйдө көмүр менен жылытуучу суу түтүкчөлөр жарылып, тамдын көп бөлүгү талкаланып, ал жерде жашагандардын ичинен төрт кишинин жабыркагандыгы белгилүү болгон", — деп билдиришти Кайгуул милициясынан.

Кошумча кызматтар чакырылып, экипаждын алгач жетип келген бир бөлүгү аймакты курчоого алып, бир бөлүгү тамдын ичинен жаракат алгандарды эвакуациялашкан.

"Тартип сакчылары Тез жардам кызматы келгенден кийин жаракат алгандарды ооруканага жеткирүү иштерине жардам көрсөтүшкөн", — деп айтылган маалыматта.

Милиция: Бишкектеги курал саткан дүкөндө эки ирет жарылуу болгон
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигине маалымат кызматы эртең менен үйдүн жылытуучу системасы жарылып, андан бир үй-бүлө жабырлангандыгын кабарлаган. Дарыгерлер аялдын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгүн, күйөөсүнүн абалы орточо оор экенин билдиришкен.

Кайра жандандыруу бөлүмүндөгү аялдын денесинин 80 пайызы күйүп калгандыктан, ал бүгүн кечинде каза болуп калган.