Бишкектин түштүк тарабындагы өрттү үч бригада өчүрүп жатат. Видео

Өрттү ӨКМдин үч автоунаасы өчүрүүдө. Азырынча кырсыктын келип чыккан себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Ахунбаев менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан автоунаа жуучу жай өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсыктын видеосун Facebook баракчасына Гүлмира Тыналиева аттуу колдонуучу жарыялады.

Өрттү ӨКМдин үч автоунаасы өчүрүүдө. Азырынча кырсыктын келип чыккан себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.