Бишкекте конькини акысыз тебүүгө ылайыкталган муз аянтчасы ачылды

Муз аянты Чоң Чүй каналы тарапта ачылган, анын тегерек четине био ажаткана жана тамактануу пунктулары уюштурулат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. "Шаардык парк" муниципалдык ишканасы Чоң Чүй каналы жактагы "Жаштар" паркына муз аянтчасын ачты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ал жайга шаардыктар келип акысыз коньки жана чана тээп кете алышат. Эгер муз тебүү каражаттары жок болсо, ошол жерден ижарага алса болору айтылат.

Муз аянтынын тегерек чети био ажаткана жана тамактануу пунктулары уюштурулат.