Бишкектеги адам өмүрүн алган кырсык. Имараттын жарылган учуру видеого түшүп калган

Бүгүн, 19-декабрда, борбор калаанын Ахунбаев менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан өрт чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында курал-жарак дүкөнү жана тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор жайгашкан имараттын жарылган учуру видеого түшүп калган.

Кырсык болгон учурдун видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Тelegram-каналына жарыяланды.

Бишкекте үй жарылып, жети киши жабыркады. Балдардын энеси реанимацияда
Эске салсак, бүгүн, 19-декабрда, борбор калаанын Ахунбаев менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан өрт чыккан. Алгач ӨКМ автоунаа жуучу жай өрттөнүп жатканын кабарлаган. Кийинчерээк маалымат такталып, ал тиричилик техникалары боюнча кызмат көрсөткөн борбор экени айтылды. Картада көрсөтүлгөндөй, өрттөнгөн имараттын ичинде курал-жарак саткан дүкөн да бар экени аныкталды.

Кырсыктан дүкөндөгү 57 жаштагы киши каза болуп, үч адам ооруканага жаткырылган.

ӨКМ өрт саат 11:27лер чамасында чектөөгө алынганын билдирди.