Болочок колукту өз тоюна баратып чөгүп кетти. Бангладештеги окуя

Окуя Бангладештин түштүк-чыгышындагы Хатия аралында болгон. Анда Мегхна суусу менен үйлөнө турчу жигиттин үйүнө бара жаткан кеме суу алдындагы тоскоолдукка учурап чөгүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бангладеште үлпөт тойго бара жаткан жети адам сууга чөгүп каза болгон. Алардын арасында турмушка чыга турчу болочок колукту да бар экен. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Чаткал суусуна автоунаасы менен түшүп кеткен киши көз жумду
Окуя өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хатия аралында болгон. Анда Мегхна суусу менен үйлөнө турчу жигиттин үйүнө бара жаткан кеме суу алдындагы тоскоолдукка учурап чөгүп кеткен.

Жергиликтүү полиция кызматкеринин айтымында, бир нече адам жээкке өздөрү сүзүп жеткен, дагы бир тобу дайынсыз жоголгон.

Суу полициясы жергиликтүү тургундар жана балыкчылардын жардамы менен жети адамдын сөөгүн табышкан. Алардын арасында эки бөбөк болгон. Бирок канча адам жээкке сүзүп жеткени азырынча белгисиз экени кошумчаланды.