Акча жасалма экенин кантип текшерсе болот? Улуттук банктын кеңештери

Эгер колуңузга күмөндүү банкнота тийип калса, аны чыныгы акча менен салыштырып жана корголгон элементтерин текшерүү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 100-200 жасалма купюра аныкталат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда Бишкекте ири суммадагы жасалма доллар менен 51 жаштагы киши кармалды. Табылган чет элдик валюта жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалганы айтылды.

Sputnik Кыргызстан Улуттук банкка кайрылып, жасалма банкноталардын саны жана алдамчылардын тузагына түшүп калбоо үчүн эмне кылуу керектигин сурады.

"Кыргызстанда акча жасалмалоо маселеси экономикага олуттуу зыян алып келбейт. Статистика боюнча жүгүртүүгө чыгара электе тартып алынган ири суммадагы жасалма акчаларды кошпогондо, орто эсеп менен жылына 100-200 жасалма банкнота аныкталат", — деп айтылат Улуттук банктын жообунда.

Акча жасалмалоо деңгээли өлкөдө 15 жылдан бери төмөн деп бааланары  анык. Орто эсеп менен миллион чыныгы купюрага 1, 2 жасалма акча туура келет.

Эгер сиздин колуңузга күмөндүү банкнота тийип калса, аны чыныгы акча менен салыштырып жана белгилүү корголгон элементтерин текшерүү керек. Ал учурда төмөнкүлөргө маани бериңиз:

  • Купюраны карап сүрөттөрдүн дааналыгына маани берүү;
  • Кармап көрүп портреттеги жана жазуулардагы сүрөттүн рельефин текшерүү;
  • Жарыкка тосуп логотибин текшерүү;
  • Жарыкка тоскондо көрүнө турган корголгон элементтеринин бар-жогун текшерүү;
  • Голографиялык сызыктарын текшерүү;
  • Банкнотанын экинчи тарабын карап көрүү (чекесинде номинал цифра менен жана "Кыргыз банкы" деген жазуу көрүнөт);
  • Купюранын оң тарабынын астыңкы бурчундагы тик бурчтукка маани берүү (орнаменттердин арасында номинал цифра менен көрүнөт).
"Эгер сизде күмөндүү банкнота болсо жакын жердеги ИИМдин, Финполдун же Улуттук банктын бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү керек. Аны колдонуу дурус эмес, себеби жасалма акчаны жасагандарга эле эмес, тараткандарга да мыйзамда жоопкерчилик каралган", — деп айтылат маалыматта.

Күмөндүү купюраны Улуттук банк дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 15:00дүн аралыгында экспертизадан өткөрөт. Ага төлөм алынбайт.