Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ? Сереп

Айрым чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө иштеген кыргызстандыктар жашы жеткенде пенсия менен камсыз боло алышат. Бирок өзүнүн талаптары бар. Кайсы мамлекетте иштеген мигранттар пенсия ала аларын жана жол-жобосу кандай экенин Sputnik Кыргызстан сураштырып билди.
Sputnik

Социалдык фонд кыргыз мигранттары көп иштеген мамлекеттер менен пенсия маселеси жаатында келишимдерди түзүп, аларды ишке ашырууга аракет кылып жаткан чагы. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө 1 миллиондон ашык кыргыз жараны иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүндө болсо, Түркияда 30 миңге чукул, Түштүк Кореяда 15 миңдей кыргыз жараны бар.

Дал ушул мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосунда пенсия системасы боюнча келишимдер бар. Алардын ишке ашуу мөөнөтүн жана жол-жобосун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов түшүндүрүп берди.

ЕАЭБдин алкагындагы пенсиялык система качан иштеп баштайт?

ЕАЭБдин алкагында пенсия системасы бир нече жылдан бери талкууланып келе жатат. ЕАЭБдин алкагындагы беш мамлекет (Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь жана Армения) жарандарды пенсия менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен келишим түзүп, ал документке 2019-жылдын 20-декабрында өлкө башчылары кол койгон. Бирок жобо боюнча документти ар бир мамлекеттин парламенти ратификациядан өткөрүш керек болчу. Кыргызстан, Россия, Беларусь, Армения өлкөлөрүнүн парламенттери бул документти ратификациялаган. Азырынча алар Казакстанды күтүп жатканы маалым болду. Коңшу өлкөнүн парламенти бул келишимди ратификациялаганы айтылды. Бирок расмий маалымат бериле элек.

Документти беш өлкө тең ратификациялаган соң ал күчүнө кирет. Келишим 2021-жылы иштеп калат деген божомолдор бар. 

Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ? Сереп

Келишим күчүнө киргенден кийин кандай өзгөрүү болот?

Мигрант ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде (келишим түзгөн беш мамлекет тууралуу кеп болуп жатат) мыйзамдуу түрдө иштеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн берип жүрсө, анда убагы келгенде КРде жүргөндөй эле пенсияга чыга алат. Бирок келишим күчүнө киргенге чейин анын эмгек стажы гана эсептелет. Башкача айтканда, беш мамлекеттин кайсынысында легалдуу иштесе, ошол жыл эмгек стажына кошула берет.

Пенсия убагында төлөнөт! Соцфонд кооптонууга негиз жок экенин айтты
Ал эми камсыздандыруу фондго төлөгөн төлөмдөрү келишим күчүнө кирип, ага бир жыл өткөндөн кийин гана эсептелип, экспорттоло баштайт.

Себеби беш мамлекеттин ортосунда тилектештик кайра бөлүштүрүү системасы иштээрин эске салып кетүү кажет. Бул системада ошол учурда камсыздандыруу фондго төлөнгөн каражат ошол мамлекеттин пенсиясын төлөөгө жумшалып кетет. Ал эми келишим күчүнө киргенден баштап, камсыздандыруу фондуна берген каражат кыргыз мигрантынын өз өлкөсүнө экспорттолуп турмакчы.

Белгилей кетсек, кеп камсыздандыруу пенсиясы тууралуу болуп жатат.

Документ күчүнө киргенден кийин мигрант тийиштүү бөлүмдөргө кайрылыш керекпи?

Документ күчүнө киргенде расмий маалымат берилет. Ошол учурдан 12 ай же бир жылдан кийин мыйзамдуу иштеген мигранттын пенсия алууга убактысы келсе, анда ал КРге келип отурбай кайсы өлкөдө болсо, ошол жактын пенсия фондуна кайрылып, өз укугун пайдалана алат.

Алсак, КР жараны Россияда иштейт дейли. Документ 2021-жылы күчүнө кирип калса, 2022-жылдын январында ал кишинин жаш курагы КРдин мыйзамы боюнча 63 жашка келип же башка укуктары пенсияга туура келсе, Кыргызстанга келип отурбастан ошол жактан эле Россиянын пенсиялык фондуна арыз менен кайрылат.

Эгер анын документтери так болсо, арызды Россия КРге жөнөтүп андан соң пенсия чегерилип, кыргызстандык жаран ошол жакта жүрүп эле акчасын ала берет. 

Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ? Сереп

Пенсия чет өлкөдө легалдуу иштеген мигрантка гана чегерилет!

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Россияга барып иштеген кыргыз мигранттары көп. Алар бул келишимдин алкагында пенсия алууну кааласа, сөзсүз түрдө расмий түрдө каттоого туруп, жумушка мыйзамдуу түрдө орношушу керек. Легалдуу түрдө ишке орношкон учурда иш берүүчүлөр мигранттардын камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү түрдө төгүшү керек болуп калат. Бул боюнча Россияда 2012-жылдын 1-январынан баштап камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилген.

Пенсия кайсы мамлекеттин мыйзамына ылайык төлөнөт?

Пенсия, жөлөк пулдун акчасын картадан чыгарууда комиссия алынбай турган болду
Пенсия ар бир мамлекеттин өзүнүн мыйзамына ылайык төлөнөт. Кыргызстандын мыйзамы боюнча, эркектер 63 (эмгек стажы 25 жыл), аялдар 58 (20 жыл эмгек стажы) жаш курагында пенсияга чыга алышат. Эркектерде 25 жылдык, ал эми аялдар 20 жылдык эмгек стажы жок болсо да алар жаш курагы жеткенде пенсияга чыгууга укуктуу. Бирок пенсия азыраак чегерилип калат.

Пенсия курагына жетип калган адам документтерин өз ыңгайына карап, учурда жашап жаткан же иштеген өлкөнүн тиешелүү органдарына тапшырат. Кандай болгон күндө дагы кагаздар пенсия берчү мамлекетке жөнөтүлөт. Пенсия алуу укугу жана каражаттын өлчөмү ошол өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишке ашат. 

Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ? Сереп

Түркия

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, Түркияда 15 миңден ашык кыргыз жараны иштейт. Ал эми Түркиянын Эмгек министрлиги булардын ичинен 12 миңге чукулу расмий каттоого турганын билдирген.

Дал ушул өлкөдө иштеген кыргызстандыктар эми ошол мамлекеттин жарандары менен бирдей укукта болуп, камсыздандыруу төлөмдөрүн төгүп, пенсияга чыга алышат. Анткени Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда пенсия жана эмгек төлөмдөрү боюнча түзүлгөн келишим ушул жылдын 1-ноябрында күчүнө кирди.

Соцфонд пенсияга мөөнөтүнөн эрте чыгууну жоюуга ниеттенип жатат
Бул мамлекет менен келишимдин шарттары жогоруда сөз кылган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн келишими менен окшош. Бирок ал документ боюнча пенсиядан башка дагы төлөмдөр каралган. Мисалы, иштеп жүрүп кош бойлуу болуп же ооруп калган учурда да жөлөк пул чегерилет.

Түркиядан пенсияга чыгуу үчүн мигрант сөзсүз түрдө каттоого туруп, иш берүүчү менен эмгек келишимин түзүшү керек. Ошондой эле КР жараны болуп, кийин мекенге кайтып келгендей болушу шарт. Бул учурда иш берүүчү мигрант үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү.

Социалдык камсыздандыруу төлөнгөндөн кийин аталган мамлекет ал каражатты КРге экспорттойт дагы кыргыз жаранына пенсия Кыргызстандын мыйзамы боюнча чегерилет. КР жаранына Кыргызстан ай сайын пенсия которуп турат.

Ушундай эле шарт-талап Түркиянын жарандарына да коюлган. Алар кыргыз жарандары сыяктуу эле тапкан каражатынын бир бөлүгүн социалдык камсыздандырууга которуп, кийин өз мамлекетинин мыйзамы менен пенсиянын акчасын ала алышат. 

Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ? Сереп

Түштүк Корея

Кыргызстан пенсия маселеси боюнча Түштүк Кореянын улуттук пенсиялык кызматы менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, меморандум кабыл алган. Себеби аталган мамлекетте да эмгектенген кыргыз жарандары көп. Миграция кызматынын маалыматs боюнча, бул мамлекетте 15 миңдей кыргыз жараны иштейт.

Документке ылайык, кокус кыргыз жараны Түштүк Кореяда мыйзамдуу түрдө иштеп, социалдык төлөмдөрдү төгүп, бирок пенсияга деп чогулткан акчасын ала албай калса, Кыргызстанга келгенден кийин деле Соцфонддун жардамы менен кайтарса болот.

Бул учурда мекеме мигранттын документтерин Түштүк Кореянын улуттук пенсиялык кызматына жиберет. Эгер КР жараны акча төлөп жүргөн болсо, анда топтогон каражаты Соцфондго эмес, ошол жарандын өзүнүн банктык эсебине которулат.

Мукамбетов: көзү өткөн адамдын пенсиясы 23 жашка чейинки балдарына төлөнөт
Документтин негизинде 20дай мекендеш 3000 доллардан 8000 долларга чейин каражат алган.

Аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча, адам иштеп кеткен соң беш жыл аралыгында пенсиясына чогулткан акчасын ала алат. Эгер бул мамлекетте иштеп кеткен адамдын көзү өтүп кетсе, анын ошол жакта пенсияга чогулткан акчасын мураскерлери ала алат.

Учурда Соцфонд Польша, Литва, Венгрия, Италия мамлекеттери менен пенсия маселеси боюнча макулдашуулардын үстүндө иштеп жатканы айтылды.