УКМК: уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды

УКМК мурда кармаган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү Мурзахметовдун ("Чач") кол салуу боюнча кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусундагы атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

УКМК "Чач" каймана аты менен белгилүү Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун ИИМ кызматкерлери жана жарандарга куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

"16-декабрда УКМК Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 2020-жылдын октябрь айындагы атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсүн кармады", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын тергөө жайына эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган. Калган эки киши Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесинин негизинде УКМКнын борбор калаадагы убактылуу тергөө абагына киргизилген.

УКМК Сирияга согушкерлерди тартуу менен алектенген адамды кармады. Сүрөт
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, УКМК тарабынан мурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү Мурзахметовдун ("Чач") жогорудагы кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган кылмышкерлерге карата алардын башка бир катар мыйзамсыз фактыларга (опузалап талап-тоноо, куралдуу кол салуулар, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, денеге оор залал келтирүү, рейдерлик басып алуулар ж.б.) тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.