Атаандашы жер муштап... Балбан Орозбеков Дүйнө кубогунан коло медаль утту. Видео

Ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат. Кыргызстандан ага жети балбан катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Исламбек Орозбеков Дүйнө кубогу мелдешинен коло медаль утту. Байге үчүн кармашта ал азербайжандык Гитиномагомед Гаджиевди 6:5 эсебинде утуп алды.

Кармаштын алгачкы мүнөттөрүндө эсеп 2:2 болуп турганда кыргыз балбаны төрт упайлык ыкма жасап, 6:2 менен алдыга озгон. Беттештин аягына чейин атаандашын жеткирген жок.

Азия күрөш уюму (UWW.Asia) Ислам Орозбековдун утуп алып сүйүнгөн, ал эми Гитиномагомед Гаджиевдин жеңилип жер муштаган видеосун Instagram баракчасына жарыялады.

Орозбеков мелдештин 8/1 финалынан тарта таймашып, Албания, Индия балбандарын утуп, жарым финалда түркиялык Хайдар Йауздан утулган болчу.

Ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат. Кыргызстандан жети балбан катышты. Азырынча байгелүү орунга жеткен башка балбан боло элек.