УКМК: Сирияда согуш даярдыгынан өткөн кыргыз жараны кармалды

Учурда атайын кызмат кармалган адам тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин улантып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, С.Т. аттуу кыргыз жараны Сирияда согуштук даярдыктан өтүп, эл аралык террордук уюмдун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлгөн киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда атайын кызмат кармалган адам тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин улантып жатканы кошумчалады.