Дагы бир коло! Айаал Лазарев атаандашын ары-бери тоголотуп уткан видео

Сербиянын Белград шаарында эркин күрөш боюнча мелдеш уланып, Кыргызстандан жети балбан күрөшкөн. Алардын ичинен экөө байге уткан.
Sputnik

Кыргызстандык эркин күрөштүн балбаны Айаал Лазарев Дүйнө кубогу мелдешинен коло байге алды. Оор салмактагы спортчу байге үчүн кармашта азербайжандык Жамаладдин Магомедовду 11:0 эсебинде утту.

Беттештин видеосун Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) өзүнүн youtube каналына чыгарды. 

Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди
Кармаштын биринчи эле бөлүгүндө кыргызстандык балбан 1 баллга алдыда келе жаткан. Атаандашын эки упайга жерге жыгып, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай партерден (килемге жатып кармашуу) үч жолу тоголотуу (накат) ыкмасын жасап, эсепти 11:0гө жеткирип салган. Эрежеге ылайык, эсеп айырмасы 10 упайга жетсе беттеш токтотулат.

125 килограмм салмакта Лазарев жарым финалда польшалык Роберт Баранга утулган. Ага чейинки этаптарда Канада жана Молдова спортчуларынан мыкты экенин көрсөткөн.

Сербиянын Белград шаарында эркин күрөш боюнча мелдеш уланууда. Кечээ Кыргызстандан жети балбан кармашка чыкты. 70 килограмм салмакта Исламбек Орозбеков да коло медаль уткан.