ЖК 2019-жылдын бюджетинин аткарылышын биринчи окууда жактырды

2019-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 590 миллиард сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга жогорулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 2019-жылга карата Республикалык бюджеттин аткарылышын биринчи окууда жактырды.

Жыйында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баяндама жасады.

Анын айтымында, 2019-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 590 миллиард сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга жогорулаган.

Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор
Ал эми экономиканын реалдуу өсүшү "Кумтөрдү" эске албаганда 3,8 пайызга өскөн.

Республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 148 миллиард 484,3 миллион сом болуп, бекитилген план 97,6 пайызга аткарылган.

Ал эми чыгаша бөлүгү 149 миллиард 336,2 миллион сомду түзүп, коюлган пландын 92,2 пайызы ишке ашканы айтылды.