Белгилүү журналист Жаныбек Жанызак каза болду

Жаныбек Жанызак кыргыз коомуна ириде журналист катары белгилүү. Акыркы жылдары жеке басмаканасын негиздеп, жазуучулардын китептерин басып чыгаруу менен да алектенип келген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Белгилүү журналист, жазуучу Жаныбек Жанызак 17-декабрь күнү 69 жашында көз жумду. Бул маалыматты анын жакындары тастыктады.

"Узак убакыттан бери ооруп жүргөн жана жакында эле Россияга барып дарыланып келген. Бирок жакшы боло албай койду", — деди жакындарынын бири.

Жаныбек Жанызак кыргыз коомуна ириде журналист катары белгилүү. Бир нече жыл фотограф жана бир катар гезиттерде кабарчы болуп иштеген. Акыркы жылдары жеке басмаканасын негиздеп, бир нече жазуучулардын китептерин басып чыгаруу менен алектенип келген.