Кылычын кайраган кыштын керемети. Бишкектин 12 сүрөтү

Sputnik

Кыш быйыл адаттан эртерээк башталып, бир айдан бери бишкектиктер туман менен ыштын айынан күндүн көзүн жарытылуу көрө элек. Бирок синоптиктер аптанын аягында күн бир аз жылыйт деп божомолдоп жатышат

Анткен менен январь айы мындан дагы суук болору күтүлүүдө. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Чүй облусунда орточо температура жылдагыдан 1-1,5 градус төмөн болот. Айрым күндөрү түнкүсүн -27, күндүз -21 градуска чейин суук болору айтылды.

1 / 12
Быйыл кыш адаттан тыш суук болуп башталды
2 / 12
Бак-дарактарды бир нече аптадан бери бубак басып турат
3 / 12
Абанын табы кез-кезде гана нөлдөн жогору көтөрүлүп жатат
4 / 12
Дээрлик бир айдан бери Бишкекте күндүн көзү жарытылуу көрүнө элек
5 / 12
Эртең менен күн чыгат дагы, кечке чейин шаарды ыш каптап калат
6 / 12
Айрым учурда кар жаап коет
7 / 12
Көпчүлүк мындай суукта сыртка чыккысы келбесе дагы сейилдеп келүүнү каалагандар жок эмес
8 / 12
Суукту тоготпогондор жашоо образын өзгөрткөн жок
9 / 12
Филармониянын жанындагы балаты
10 / 12
Синоптиктер январда мындан дагы суук болорун айтып жатышат
11 / 12
Чүй облусунда орточо температура жылдагыдан 1-1,5 градус төмөн болот
12 / 12
Бишкектин көчөсүндө балдары менен сейилдеген эне