Владимир Путин өлкөдөгү чыныгы абалды билүүнүн мыкты жолун айтты

Ушул тапта Москва шаарында Путиндин маалымат жыйыны өтүп жатат. Анда эл түз байланышка чыгып, президентке суроо бере алат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин маалымат жыйындар менен түз байланыштар чыныгы кырдаалды билүүнүн эң таасирдүү жолу экенин айтты.

Ал мындай иш-чараларды формалдуу гана нерсе деп эсептебей, өзгөчө маани берерин билдирди.

"Албетте, мага көптөгөн телеканалдар аркылуу өлкөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу өтө көп маалымат келип турат. Бирок Россия жарандары менен түз байланыштан өткөн баалуу нерсе жок. Алардан жашообуз кандай болуп жатканын, эмнени оңдоо керектигин угуп билебиз", — деди Путин. 

Эске салсак, ушул тапта Москва шаарында Путиндин маалымат жыйыны өтүп жатат. Анда эл түз байланышка чыгып, президентке суроо бере алат.