БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
УКМК Саркарбаевге берилген жалпы жарандык паспорттун мыйзамдуулугун текшерип, документ жасалмаланганы белгилүү болгон.
"Аты-жөнү Сулайманов Кылыч Асылбекович экени аныкталды. Ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон. Мурда Кылыч Сулайманов карактоо беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тагыраак айтканда, Ош шаардык соту 2006-жылы аны күнөөлүү деп таап бир жылга шарттуу түрдө кескен. Сулайманов бул фактыны жашыруу максатында фамилиясын Саркарбаев деп өзгөртүп, жасалма документтердин негизинде жалпы жарандык паспорт алган", — деп айтылат маалыматта.
Мындай жалган документтин негизинде ал Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп дайындалганы белгиленет.
Бул иштер боюнча Саркарбаев кармалып, УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
"Кылыч Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен өтө жакын мамиледе болуп, көптөгөн криминалдык иштерге, анын ичинде эрежесиз мушташ боюнча белгилүү мушкерди атууга да катышканын белгилей кетүү керек", — деп эскертти УКМК.
Атайын кызмат тергөөнүн алкагында анын дагы башка бардык мыйзамсыз иштерин териштире турганын айтты.