Араң качып кутулушту. Туристтерди чаңызгыта кууган акыранын видеосу

Кениядагы Масаи-Мара коругунда жираф бир топ жерге чейин кууп келип, туристтер качып араң кутулган. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазды.
Sputnik

Окуяны видеого фотограф жана мугалим Дикен Мучена жолтандабас менен качып бара жатканда тартып алган.

Ургаачы арстандардын чабуулунан тепкиленип коргонгон акыранын видеосу чыкты
Дикендин айтымында, Масаи-Марага келген туристтер тобу акыралар жайылып жүргөн учурда жайытына барган. Алар артка кайтканда бейкапар жүргөн жирафтардын бири алардын артынан чаңызгыта кууган.

Видеодон жаныбардын автоунаанын артынан калбай чуркап келе жаткандыгын көрүүгө болот.

Туристтин айтымында, жаныбар эки ирет темир тулпарга урунуп ала да жаздаган. Айдоочу башка жолго түшүп, акыраны жолунан адаштырып араң кутулган.