"Жаңы деңгээлге секирик": россиялык десантчылар эмне менен куралданууда?

Ынанымдуулук жагынан, ошондой эле көп чакырымдык жүрүштө (марш-бросок) сыналган, ыкчам жана кыйла кубаттуу курал... Россиялык десантчылар өзү жүрүүчү 2С42 "Лотос" артиллериялык куралы менен куралданууга камылга көрүүдө.
Sputnik

Машина кабыл алуу-өткөрүүдө сыналып, жарыяланган тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү тастыкталган. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн бул өзү жүрүүчү аппараттын жана РФтин Аба десанттык күчтөрү үчүн иштелип чыккан башка саамалыктардын өзгөчөлүктөрүнө Николай Протопопов токтолгон.

Жеңил салмактуу "күрөшчү"

Полигондо "Лотос" эч бузулбастан 400 чакырым жол басып, 120 миллиметрлик штаттык куралынан 14 ирет ок аткан. Экинчи баскыч — жыл аяктаганча баштала турган алдын ала сыноолор. Өзү жүрүүчү машинаны алгач жолу кеңири коомчулукка 2017-жылы көрсөтүшкөн, ал эми долбоорду ишке ашырууга 2009-жылы эле киришишкен.

Конструкторлор десантчылар үчүн "Спрут-СДМ1" танкка каршы коргонуучу замбиректин негизинде 152 миллиметрлик "Зауралец" артиллериялык комплексин жасашмак, бирок жыйынтыгында кубаттуулугу азыраак, бирок ыкчам жана жеңил машинаны чыгарууну туура көрүшкөн.

"Лотос" бара-бара "Нона" артиллериялык-минометтук түзүлүшүнүн ордун басат, ал 1970-жылдын аягында РФтин куралдуу күчтөрүнө алынып, дурус баага татыган.

Жылдын машыгуусу: РФ стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн ракеталары кандай иштейт?
Курал үчүн база катары түйүн жана агрегаттары боюнча БМД-4М менен бириктирилген шассини алышкан. Аскердик машинанын салмагы 18 тоннадан ашпайт, ал эми 400 аттын күчүндөй кубаттуулуктагы дизелдик кыймылдаткычы шосседе саатына 70 чакырымга чейин ылдамдыкты жогорулатууга жол берет. Жүрүш запасы — 500 чакырым. Десантчылардын башка техникаларындай эле "Лотос" сүзгөндү билет, бир нече метрлик тереңдиктеги суу тосмолорунан өтүп кете алат.

Аппаратты иштеп чыккандар экипаждын коопсуздугуна, эң оболу таамай аткан куралдан коргоого өзгөчө көңүл бурушкан. Зооттолушу да жеңилдетилген, корпус ири калибрдүү пулеметтун окторуна жана сыныктардын тийишине туруштук бере алат. Бирок периметри боюнча — лазердик индикаторлор. Алар душмандын танкка каршы каражаттарынын мээлөөчү тутумдарынан "Лотостун" нурлануусун так каттайт. Бул акылдуу коргонуу. Алынган маалымат автоматтык түрдө аэрозолдук гранаталарды ыргытуучу түзүлүштөргө берилет, алар нурлануу булактарын мээлеп жана ок-дарыларды аткылайт. Машинаны заматта калың түтүн каптап, касташкан тараптын таамай атчу, лазердик жана инфракызыл диапазондо иштеген ракеталарын да жаңылтат.

"Нонанын" ордуна "Лотос"

Мурдагыга салыштырмалуу сокку уруу мүмкүнчүлүктөрү кыйла арттырылды. Мунарасы автоматташтырылган аскердик бөлүктү элестетет. Курал аралыктан башкарылат. Замбирекчи машинанын алдыңкы бөлүгүндө айдоочу-механик менен, ал эми экипаж командири жана кубаттандыргыч киши мунарада отурат.

Дагы бир артыкчылыгы — экипаждын бардык мүчөлөрү менен биргеликте учактан десанттык жол менен түшүрүлүшү. Ал эми "Нонаны" абадан түшүрүүдө командир жана механик-айдоочуга гана ичине отурууга уруксат берилет.

"Замбирегин "Лотостун" БМД-4 негизинде жасалганына карап тандашкан. Габарит жана салмагы боюнча конструкциясы абадан түшүрүлүүчү техника үчүн төп келет, — деп түшүндүрөт аскердик эксперт Алексей Леонков. — Эгер ири габариттик мүнөздөмөлөрү ишке ашырылса, Ил-76 аскердик-транспорттук учактары бортуна өзү жүрүүчү түзүлүштөрдү жетиштүү санда ала алышпайт. Ал эми согуштук операцияларда алардан кеминде эле экөө керектелет".

Россиянын өзөктүк куралдар боюнча машыгуусу АКШ менен НАТОну сестентти
"Лотостун" курал топтому "Нонаныкына" караганда эки эсе чоң – 55тей ок атат. Узунураак стволу жана дулдук тормоздон улам ок атуунун эффективдүү ыраактыгы 13 чакырымга жетет. Бирок аны жаратуучулардын айтымында, атайын пландалган ок 20 чакырымга дейре учат. Курал горизонталдык тегиздикте 360 градуска мээленет. Ошону менен бирге эле замбиректин вертикалдык бурчтары минус төрттөн плюс 80 градуска чейин өйдө көтөрүлөт. Башкача айтканда өзү жүрүүчү машина артиллериялык замбирек, гаубица же минометтой ок ата алат. Мындан сырткары, машинада экипаж болбосо да толук автоматтык режимде ок атууга жөндөмдүү. Кошумча аралыктан башкарылган 7,62-миллиметровая пулеметтук түзүлүш менен куралган.

Леонков заманбап байланыш каражаттардын эсебинен өзү жүрүүчү жаңы машина күчтөрдү башкаруунун автоматташтырылган тутумуна оңой интеграцияланарын да белгиледи.

"Экипаж буталар жөнүндө жердеги түзөтүүчүлөрдөн же учкучсуздардан маалымат алат, — дейт эксперт. — Душмандын коргонуу объектилерин талкалоо үчүн өзү чалгындоочу-ок атуу контуру түзүлөт. Бул согуш талаасында, айрыкча ок-дары чектелүү убакта кастын тылындагы операцияларда абдан маанилүү жана чоң артыкчылыктарды берет.

Танк жана "Спруттар"

"Лотос" — РФтин Аба-десанттык күчтөрү үчүн атайын иштелип чыккан жалгыз саамалык эмес. Жакынкы жылдары бул күчтөр эң заманбап куралдар менен жабдылмакчы. Болгондо да көп үлгүлөр абдан "оорлошту" жана сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрү артты. Маселен, эки жылдан кийин сууда сүзүүчү "Спрут-СДМ1" танкынын мамлекеттик сыноолору аяктайт. Кубаттуулугу боюнча 125 миллиметрлик артиллериялык-ракеталык комплекс Т-80 жана Т-90 негизги аскердик танктардан кем калышпайт. Бирок кыймылдуулугу жагынан жеңил аскердик десанттык машиналарга жакын.

"Спруттар" плацдарм коргонуусунун күчтүү каражаты катары пайдалануу болжонууда. Душмандын тылына ыкчам рейддерди жүргүзүү, ошондой эле марштагы жеңил зооттолгон техниканын колонналарын кайтаруу үчүн колдонулат.

Сириядан Кавказга карай: россиялык Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактары сыналууда
"Болжолдуу душман кыйратуучу жаңы каражаттар менен куралданат, болгондо да мобилдик бөлүктөргө басым жасайт, — деп кошумчалайт Леонков. — НАТОнун жеңил зооттолгон техникаларын бүгүн көбүнесе ири калибрдеги автоматтык замбиректер менен жабдып келишет. Ошол себептен мурдагы "зооттолушу" боюнча милдеттерин аткаруу өтө кымбат эле эмес, абдан кооптуу да болмок".

Соңку кезде РФтин Аба-десанттык күчтөрү толук кандуу танк бөлүктөрүн түзүүдө. Батышта мындай бөлүктөрдү аэромобилдүү деп аташат. Негизинен былтыр үч десанттык бирикменин курамында Т-72Б3 танктар менен куралданган батальондор түптөлгөн. Келечекте оор аскердик техника менен РФтеги Аба-десанттык күчтөрдүн дагы беш бирикмесин жабдышат.

Эксперттердин пикиринде, танктар "канаттуу пехотанын" ок кубатын жогорулатып, кандай жаңжал болбосун аскердик милдеттерди майнаптуу аткарууга мүмкүндүк түзөт.