Путин Кыргызстанда эмне себептен дайым башаламандык болуп турарын айтты

Журналист 2021-жылы КМШга 30 жыл толорун, мындан улам бирикме орто курактын кризисин башынан кечирип жатканын белгилеген. Анын айтымында, буга Кыргызстан менен Беларустагы окуялар да себепчи.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстан айрым батыш өлкөлөрүнүн ченеми менен жашоого далалат жасаганынан улам башаламандыкка туш болот. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин маалымат жыйында билдирди.

Суроо берип жаткан журналист 2021-жылы КМШга 30 жыл толорун, мындан улам бирикме орто курактын кризисин башынан кечирип жатканын белгилеген. Анын айтымында, буга Кыргызстан менен Беларустагы окуялар да себепчи.

"Сиз орто жаштын кыйынчылыгы тууралуу айтып, мисал келтирдиңиз. Кыргызстанды алалы. Эмне, биринчи жолу болуп жатыптырбы? Ал жакта дайым ушундай ызы-чуу болуп турат. Ички саясий турмушун жөнгө салуу үчүн айрым батыш мамлекеттерин үлгү кылып алышкан", — деди Путин.

Путин келерки шайлоого барар-барбасы тууралуу суроого жооп берди
Ал Кыргызстанда саясий аң-сезимдүүлүктүн, институттардын көрөгөчтүк деңгээли, мисалы, он жылдап, керек болсо жүз жылдап куралган Франциянын федеративдүү системасындай эмес экенин белгиледи.

"Башкаруунун парламенттик формасы чындап эле жүз жылдап түзүлгөн. Саясий партиялардын туруктуу саясий платформасы бар. Ал эми постсоветтик мамлекеттерде мунун баары жок да. Бул биздин кайсы бир чекке жетип калганыбыз эмес, бул өз жолун издөөнүн натыйжасы", — деди Путин.

Эскерте кетсек, РФ президенти ушу тапта Москвада ири маалымат жыйынын өткөрүүдө.