Путин: коронавируска каршы вакцинанын бир дагы кыйыр таасири жок

Владимир Путин чет элдик окумуштуулар россиялык кесиптештери менен кызматташып, вакцинаны иштеп чыгуу боюнча "колдон келбей жаткан жактарын" үйрөнүп жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Россиянын коронавируска каршы вакцинасын колдонууда бир дагы кыйыр таасири байкалган жок. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Ал россиялык адистер биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгып, колдоно баштаганын айтты.

"Адистердин айтымында, препарат вирустан 96-97 пайызга коргой алат. Буга чейин бир дагы жолу вакцинанын организмге кыйыр таасири катталган жок", — деди президент.

Ошондой эле ал чет элдик окумуштуулар россиялык кесиптештери менен кызматташып, "колдон келбей жаткан жактарын" үйрөнүүдө деди.