Путин келерки шайлоого барар-барбасы тууралуу суроого жооп берди

Россияда президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт. Журналисттер азыркы президентке ага катышасызбы деген суроо берип, жооп алышты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин эмки президенттик шайлоого катышуу же катышпоо боюнча чечим кабыл ала элегин айтты.

Эске салсак, ушул тапта Москва шаарында Путиндин маалымат жыйыны өтүп жатат. Анда эл түз байланышка чыгып, президентке суроо бере алат.

"Азырынча шайлоого катышуу боюнча чечим кабыл ала элекмин. Бизге өлкөнүн туруктуу өнүгүшү маанилүү. Формалдуу түрдө элдин уруксаты бар, бирок баарын убакыт көрсөтөт", — деди Путин.

Белгилей кетсек, Россияда президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт.