Көлбаев кайрадан Дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланды

Бишкек шаарында Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын отчёттук-шайлоо конференциясы болуп, анда президентти шайлоо маселеси көтөрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жолдошбек Көлбаев кайрадан Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-декабрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын отчёттук-шайлоо конференциясы болуп өткөн. Иш-чаранын негизги маселеси аталган федерациянын президентин шайлоо болгон.

Конференцияга Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Дзюдо федерациясынын машыктыруучулары, калыстары жана кыргыз спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышкан.

"Жолдошбек Көлбаев федерациянын президентинин кызмат ордуна көрсөтүлдү. Ал буга чейин дагы федерацияны жетектеп келген. Көлбаевдин талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды", — деп айтылат маалыматта.

Федерациянын президентин шайлоо төрт жылда бир өткөрүлөт.