БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Экономикалык мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун сынга алды.
Анын айтымында, бул мыйзам акчалуулардын эркиндикке чыгышына, кедейлердин түрмөгө отурушуна жол ачат.
"Бул жерде демилгечилердин биринин аялы Финполго 200 миллион сом төлөп жатат. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы жокпу? Өзү үчүн ушундай мыйзам жазып жатканы кызык. Ачыгын айтканда, бул экономикалык мунапыс эмес, бул — кун. Байлар үчүн ойлоп табылган мыйзам. Акчаң барбы чыгып жыргап жүрө бер да, кедейлер түрмөгө отурушу керек. Муну менен коррупция беренесин экономикалык кылмыштарга которуп кутулуп кетишпейби... Эртең азыр коррупцияга айыпталган Райым Матраимов дагы контрабандист болуп калбайбы", — деди Бекешев.
Аталган мыйзам долбоордо эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү сунушталууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат.
Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров демилгелеген.
Натыйжада аталган мыйзам долбоору биринчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.