Радио

Министр: биз билимди сатып жаткан мамлекетпиз

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-жылдан тарта ЖОЖдордо өлкөдө мурда болуп көрбөгөн багыттар боюнча окуу факультеттери ачыларын айтты.
Sputnik

Учурда Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келип билим алган 40 000ге жакын студент бар. Алар бюджетке 200-300 миллион доллар каражат алып келишүүдө. Бул тууралуу Алмазбек Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Министр: биз билимди сатып жаткан мамлекетпиз

Анын айтымында, 2020-2030-жылдар аралыгында кайсы адистиктер канча санда керек болорун аныктаган долбоор ишке кирди.

"Учурда Кыргызстанда 68 ЖОЖ бар. Анын жарымы мамлекеттик болуп эсептелет. Жогорку окуу жайларын кыскартуу, ишин оптимизациялоо боюнча ар кандай сөздөр айтылып келет. Бирок санын азайтып, лицензиялык чектөөлөрдү киргизүү менен маселе чечилбейт. Экинчи тарабынан мындай кадамдар биздин бир топ мыйзамга карама-каршы келет. Андыктан жогорку билим берүү багытын оптималдаштырууда биз адистиктерге басым жасашыбыз зарыл. Жыйынтыгында турмуш талап кылып жаткан багыттар боюнча билим берген окуу жайлар атаандаштыктын негизинде өздөрү эле алдыга озуп чыгышат", — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр келечекте эки-үч кесиптин башын бириктирген IT-медицина, агроном-менеджер деген сыяктуу факультеттер ачылуусу зарылдыгын кошумчалады.