"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

10-декабрда аталган башкармалыктын жетекчиси Артур Өмүрзаков иштен алынган болчу. Бүгүн, 17-декабрда, жаңы жетекчи дайындалды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болгонун муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасына Талантбек Капаров жетекчи болуп дайындалды. Ал буга чейин Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасын жетектеп турган.

Эске салсак, 10-декабрда аталган башкармалыктын жетекчиси Артур Өмүрзаков иштен алынган.