ИИМ: шайлоо алдында аймак жана улут аралык кастыкты козуткандар жоопко тартылат

ИИМ жарандарды WhatsApp же соцтармактар аркылуу провокациялык материалдарды жайылтуудан оолак болууга чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталганына байланыштуу WhatsApp жана башка соцтармактар аркылуу аймак жана улуттар аралык кастыкты козуткан чагымчыл материалдар жайылтылып жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Учурда Ички иштер министрлиги менен ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү мындай материалдарды таратып жаткандарды издөөдө.

БШК: талапкерлер бир шарт менен кафелерде үгүт ишин өткөрсө болот
Белгилей кетсек, аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

ИИМ жарандарды WhatsApp же соцтармактар аркылуу провокациялык материалдарды жайылтуудан оолак болууга чакырды. Ошондой эле чагымчылдык маалыматтарга күбө болгондор 102 номерине кайрыла алышат.

Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.