БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кордолгон 13 жашар өспүрүм кыздын ата-энеси Тоң райондук соттун чечимине макул болбой, Ысык-Көлдүн облустук сотуна кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бул иш боюнча мындан аркы сот жыйындарына Акыйкатчынын аппараты дыкаттык менен мониторинг жүргүзмөк болду.
Жабыркаган кыз учурда Ысык-Ата районундагы реабилитациялык борбордо экени айтылды.
Акыйкатчынын аппараты аталган кылмыш Жазык кодексинин 164-беренеси ("Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") менен каттоого алынганына макул эместигин билдирген.
"Бул иш башынан эле Жазык кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") боюнча катталыш керек болчу. 1979-жылы туулган К.У. аттуу адам катуу жазага тартылмак", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун чечимине нааразы болууда. Ал 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктады деп шектелген үч кишинин экөөнү актап ийген.
Бул иш боюнча ЮНИСЕФ, "БУУ — Аялдар" жана адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгы да үн катып, күнөөлүү адамдар адам укугу боюнча эл аралык стандарттардын негизинде жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгилешкен.