Жети жаштагы Барсбек "Лучше всех" шоусунда Галкинди таң калтырды

Жети жаштагы Барсбек Аджибаев "Лучше всех" шоусуна катышты. Программа россиялык Биринчи каналдан 13-декабрь күнү көрсөтүлдү.
Sputnik

Барсбек курулуш тармагына байланышкан бардык маалыматтарга кызыгат. Өзүнүн кыялындагы көк тиреген көп кабаттуу үйдүн долбоорун да түзүп койгон.

Жеткинчек Москва облусундагы Химки шаарында жашайт. Ал эми туугандары Кыргызстанда. "Лучше всех" берүүсүнүн соңунда Барсбек Ысык-Көлдөгү туугандарына салам жолдогон.