Тыныбекованын Дүйнө кубогундагы финалдык беттеши. Толук видео

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпион болду. Мелдеште ал бардык атаандаштарын бир топ артта калтырды.
Sputnik

Чечүүчү финалдык кармашта кыргызстандык спортчу кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп алды.

Жарым финалда атаандашы россиялык Любовь Овчарова болуп, аны 13:2 эсебинде жеңген. Ага чейинки түркиялык жана румыниялык балбандарды таза жеңиш менен уткан.