Төө-Ашуудагы жол кырсыгынан беш адам жабыркады. Видео

Жол кырсыгы бүгүн күндүз Бишкек — Ош жолунун 101-чакырымында болгон. Анда Subaru үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Төө-Ашууда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Күбөнүн айтымында, Subaru үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.

Чүй облустук ЖКККБдан билдиришкендей, жол кырсыгы бүгүн, 16-декабрда, Бишкек — Ош жолунун 101-чакырымында болгон. Анын кесепетинен беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.