Өзбекстан смартфон мобилдик каражатын чыгара баштады. Сүрөт

Азырынча үч миң даана даярдалып, анын жарымы сатылып кеткен. Келечекте кошуна мамлекеттерге экспорттоо пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Өзбекстанда "Өзбекстан" деген аталыштагы смартфон жасап чыга баштады. Байланыш каражаты азырынча ички рынок үчүн гана өндүрүлгөнүн Sputnik Өзбекстан жазды.

Гаджеттин эске тутумунун ченеми 64 гигабайтты түзөт. "Навои" эркин индустриалдык зонасынын аймагында башталган өндүрүштү ООО Telecom Devices PRO уюму колго алган.

Бул иш өлкөнүн Маалыматтык технологиялар жана коммуникация министрлигинин тапшырмасы менен жүзөгө ашырылган.

Мобилдик каражаттын эс тутумунда Өзбекстан Республикасынын президентинин китептери, классикалык жана заманбап өзбек адабиятынын мыкты үлгүлөрүнүн жыйнагы, радио спектаклдер, жүздөн ашуун өзбек ырлары жана күүлөрү, ошондой эле өлкөнүн кооз жерлери менен кооз аймактары чагылдырылган фотоальбомдор жүктөлгөн.