БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы маданият жана искусство тармагынын ишин артка тартууда. Бул тууралуу театр башчылары маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго жолугушуу учурунда билдирди.
Аталган мекеменин кабарлашынча, министр театрлардын директорлору жана көркөм жетекчилери менен жыйын өткөргөн. Ага онлайн түрүндө аймактык драма театрлардын башчылары да кошулган.
"Маданий жайдын башчылары учурда иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууда тоскоолдук жаратып жаткан "КРдин мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамынын ченемдерин өзгөртүү зарылдыгын белгилешти. Театр тармагында репертуарды жаңылоо, формаларды даярдоо, музыкалаштыруу, режиссёрдук иштерди жүргүзүү үчүн тендер менен гана иш алып баруу каралып калгандыгы айтылды", — деп жазылган маалыматта.
Соңунда маданият тармагына тиешелүү укуктук ченемдик актыларды кайрадан карап чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлөрү айтылган.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү театр оюн-зоок мекемелери 1-декабрдан тарта санитардык эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен ишин жанданткан.