УКМК: Бишкектин тургунунан ири суммадагы жасалма доллар табылды

Табылган чет элдик жасалма валюта жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкекте ири суммадагы чет элдик жасалма валюта менен 51 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү ("Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 14-декабрда колго түшүрүлгөн. Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ доллары табылган.

Табылган чет элдик жасалма валюта жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалганы айтылды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө жүрүп жатканы маалым болду.