Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогу мелдешинин чемпиону болду

Тыныбекова катары менен үч кармашта жеңди. Кыргызстандык спортчу мелдештин 8/1 финалынан тарта намыс талаша баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпион болду. Мелдештин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайты түз көрсөтүп жатат.

Чечүүчү финалдык кармашта кыргызстандык спортчу кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп алды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Жарым финалда атаандашы россиялык Любовь Овчарова болуп, аны 13:2 эсебинде жеңген. Ага чейинки түркиялык жана румыниялык балбандарды таза жеңиш менен уткан.

Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде да чемпион болгон.

Эскерте кетсек, кыргызстандык дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогу мелдешинин 68 килограмм салмактагылар арасында финалга чыкты. Эми алтын байге үчүн эртең чехиялык Адела Ханзликович менен кармашат.