АКШ С-400дөн улам Түркияга каршы санкция киргизди. Россиянын жообу

АКШ Түркияга карата Россиядан С-400дү сатып алганы үчүн санкция киргизди. Американын Финансы министрлигинин билдирүүсүнө караганда, чектөөгө Түркиянын Коргонуу өнөр жайы боюнча катчылыгы, анын башчысы жана жогорку кызматтагы дагы үч аткаминер кабылды.
Sputnik

Санкция CAATSA - "Санкция аркылуу Американын каршылаштары боюнча иш алып баруу" мыйзамынын 231-пунктунун негизинде киргизилген. Муну менен катар эле АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул иштер Россияга каршы багытталгандыгын айтты. Буга өлкөнүн ТИМ башчысы Сергей Лавровдун реакциясы кандай болгондугун биздин видеодон көрүңүз.