Акыркы ирмемдерде жеңишти сууруп алды. Жоламандын алтын уткан видеосу

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин чемпиону болду. Финалдык беттеште ал россиялык Степан Марянянды утуп алды.
Sputnik

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда финалга чыкты. Эмки атаандашы да аныкталды
Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы аракетти жасаган артыкчылыгы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылды.

Жоламан 60 килограмм салмакта күч сынашкан.

Кыргызстандык спортчу биринчи бөлүктө 4:0 эсебинде утулуп жаткан. Демилгени колго алып, акыркы жасаган натыйжалуу аракети менен төрт упай ала алды.

Шаршенбеков финалга чейинки жолунда беларустук, армениялык балбандарды жеңип чыккан болчу.