Жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун жаңы үлгүсү көрсөтүлдү. Сүрөт

Буга чейин Мамкаттоо менен германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясынын ортосунда электрондук паспорттордун бланкаларын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун жаңы үлгүсүн алды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда бланкаларды, коргоочу элементтерди жана дизайнды текшерүү жүрүп жатат.

ПИН кайсы учурда керек, экөө-үчөө чыкса эмне кылуу зарыл? 7 суроого жооп
Эске салсак, 2020-жылдын 29-майында Мамкаттоо менен германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясынын ортосунда электрондук паспорттордун бланкаларын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Жаңы паспорттордун артыкчылыгы — коргоочу 30 элемент камтылып, электрондук чип жайгашкан. Ошондой эле заманбап материалдар менен жасалып, жеке маалыматтар лазердик технология менен жазылат.

Жаңы паспортторду 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке киргизүү пландалып жатат.