Бир сүрөттөгү бакыт жана кайгы. Стамбулдук сүрөтчүнүн ойго салган коллаждары

Айланасындагы чындыкка өз чыгармачылыгы аркылуу караган Галленкуш айрым адамдардын кыйналганын башкалар да түшүнсө деп аракет кылып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Түркиялык сүрөтчү Угур Галленкуш коллаждарды жасап, бир кадр аркылуу эки башка дүйнөнү ачып берет.

Ал өзүнүн эмгектерин Instagram баракчасына жарыялаган.

"Коллаждар кайгы менен кубанычтын, байлык менен жакырчылыктын, сүйүү менен үмүтсүздүктүн, бейгам жашаган адамдар менен жапа чеккендердин ортосундагы ажырымдын кеңейишин чечмелейт. Айланасындагы чындыкка өз чыгармачылыгы аркылуу караган Галленкуш айрым адамдардын кыйналганын башкалар да түшүнсө деп аракет кылып келет", — деп жазылат анда.

Галленкуш өзүнүн эмгектеринде Жакынкы Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүндөгү адамдардын жашоосу канчалык айырмаланарын көрсөтөт.

Бир коллажда өрттөнүп жаткан качкындар лагеринен качып бараткан бала жана спорттук мелдештеги өспүрүм чагылдырылган.

Дагы бир сүрөттө атасы балдарын абадагы кол салуудан кийинки имараттардын арасында жуунтуп жатканы, экинчи жагында жагымдуу шарттагы жуунуучу бөлмө көрсөтүлгөн.