Россияда дагы кошумча үч шайлоо участкасы ачылат

Буга чейин Россиянын борбор калаасында үчөө гана болсо, муну менен добуш берүү пунктуларынын саны бешке жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Россиянын аймагында кошумча дагы үч шайлоо участкасы ачылат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова коомдук диалог учурунда билдирди.

Президенттикке талапкерлер качан дебатка чыгышат. Тизме
Анын айтымында, шайлоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу кошумча участкаларды ачуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, Москвада эки, Тюмень шаарында бир шайлоо участкасы ачылмакчы. Буга чейин Россиянын борбор калаасында үчөө гана болсо, муну менен добуш берүү пунктуларынын саны бешке жетет.

Бул иштерди аткаруу үчүн БШКнын мобилдик тобу эртең Россияга жөнөп кетет.

Быйылкы парламенттик шайлоодо чет мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы ачылып 35 575 миңден ашуун шайлоочу катталган.