Президенттик шайлоодо жеңилген талапкерге 1 млн. сому бир шарт менен кайтарылат

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанып, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Президенттик шайлоого катышкан талапкерлер шайлоочулардын бир пайыздан жогорку добушун алса гана БШКга төккөн миллион сомдук күрөөсү кайтарып берилет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, президенттикке өтпөй калган талапкер эгер шайлоого катышкандардын бир пайыздан кем эмес добушуна ээ болсо, жети күндүн аралыгында күрөөсүн алуу үчүн БШКга кайрыла алат. Ошондой эле ал шайлоо фондуна түшкөн каражат жана анын сарпталашы тууралуу отчет бериши шарт.

Россияда дагы кошумча үч шайлоо участкасы ачылат
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанып, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн.

Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

14-декабрга карата БШКга 3 552 582 шайлоочу катталган. Жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо 1 971 948 жаран же 55,96 пайызы добуш берүүгө келген. Референдум өттү деп таанылышы үчүн шайлочулардын 30 пайызы катышышы керек.