Билими: 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1984-1987 — Ригадагы Жогорку аскердик-саясий окуу жайынын курсанты;
- 1987-1987 — СССРдин ракеталык аскерлери, Калининград шаарындагы взводдун командиринин орун басары;
- 1988-1988 — Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери боюнча катчысы;
- 1993-1994 — Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;
- 1994-1998 — Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгында башкы адистен жетекчинин орун басарына чейин;
- 1998-1999 — Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын начальниги;
- 1999-2000 — КР Социалдык фондунун административдик-укуктук башкармалыгынын начальниги;
- 2000-2001 — Сот департаментинин бөлүм башчысы;
- 2001-2003 — Жалал-Абад облусунун Арбитраждык сотунун судьясы;
- 2003-2003 — Жалал-Абад облустук сотунун судьясы;
- 2003-2009 — Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары;
- 2009-2012 — Жогорку соттун судьясы;
- 2012-жылы кайрадан Жогорку соттун судьясы болуп дайындалып, ушул убакка чейин ал кызматты аркалап келе жатат.