Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жыйын өтүп жатат

Камчыбек Ташиев Кыргызстан Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жыйынын өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Өзбекстандыкын өлкөнүн премьер-министринин кеңешчиси (премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов баштап келген.

Камчыбек Ташиев Кыргызстан Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген.

"Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аяктоосуна кам көрүшүбүз керек. Ошондой эле 2017-жылы кол коюлган келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштоо зарыл", — деди Ташиев.

Жолугушуунун күн тартибине ылайык, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулап жатышат.